Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-сентябры № 15
Ак-Башат айыл аймагынын айылдык коомчулуктук инвестициялык ассоцияциясынын (COVID-19 каршы аракеттенүү) “Үчүнчү айылдык инвестициялык долбоордун алкагында кошумча каржылоо” долбоорунун ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин, айыл аймагындагы үчүнчү айылдык инвестициялык долбоордун алкагында кошумча каржылоо тарабынан аткарылган долбоордук иш-чаралар жөнүндө, Ак-Башат айыл аймагынын АКИАнын төрагасы Акматов А. отчетун угуп жана талкуулап Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагынын айылдык коомчулуктук инвестициялык ассоцияциясынын (COVID-19 каршы аракеттенүү) “Үчүнчү айылдык инвестициялык долбоордун алкагында кошумча каржылоо” долбоорунун ишмердүүлүгү жөнүндө отчету эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-чараларга Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясын (АКИА) киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө милдети Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Н.О.Садыкова |