Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2022-жылдын 1-апрели № 4/4
Сары-Колот айылдык кеңеши Сары-Колот айыл аймагынын Сары-Колот айылынын тургундарынын турак жай салуу үчүн даярдалган башкы планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагынын Сары-Колот айылына Кара-Суу райондук Архитектурасы тарабынан жасалган башкы планда соода багытында көрсөтүлгөн жер тилкесине өзгөртүү киргизүү боюнча талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл аймагынын Сары-Колот айылына Кара-Суу райондук Архитектурасы тарабынан жасалган башкы планда соода багытында көрсөтүлгөн жер тилкелери, Сары-Колот айылынын тургундарынын жерге болгон муктаждыгын жоюу үчүн турак жай багытына өзгөртүлүп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жашы Сары-Колот айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Колот айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |