Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2022-жылдын 1-апрели № 4/5
Таштандыларды таштоочу жайдын ижара акысынын өлчөмүн көбөйтүү жана абалын оңдоо жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адисинин Курбан-Кара айылындагы таштанды таштоочу жай кароосуз калып, каалаган адамдар каалаган жерге таштанды таштап жаткандыктан жамгыр жааганда ал жерге суу кирип, ал суу Савай каналына агып түшкөндүгөн, ал суудан элдер суу ичип, ар кандай жугуштуу ооруларга кириптер болуп жатышат, ошондуктан ал жайдын ижара акысын 100% га көбөйтүп, андан түшкөн акчага таштанды таштоочу жайдын айланасын тосуп, дарбаза коюп, иретке келтирүү зарыл экендиги жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айыл аймагынын Курбан-Кара айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайдын азыркы абалы начар абалда болуп көзөмөл болбой жаткандыктан иретке келтирүү максатында учурдагы ижара келишими жокко чыгарылсын.
2.Учурдагы ижарачы менен айыл өкмөтүнүн салык кызматы бүгүнкү күнгө чейинки ижара акыларынын төлөмдөрүн толук эсептешип төлөнбөгөн ижара акыларын өндүрсүн.
3. Ижара келишимин карап чыгып, келишимде мыйзам бузууларга жол берилсе мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, башкадан азыркы жагдайларды эске алуу менен ижара келишими түзүлүп ижара акысы 100% га көтөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |