Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-сентябры № 17
Окуучуларга окуу китептерин сатып алууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 14-беренелерине ылайык, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ак-Башат орто мектебинин, Инновациялык Новониколаевка гимназия орто мектебинин окуучуларына окуу китептерин сатып алууга Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматов жергиликтүү бюджеттен 500,0 (беш жүз) миң сом акча каражат бөлүп берсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин өзүмө калтырам.
Кеңештин төрагасы | Н.О.Садыкова |