Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
2024-жылынын 16-сентябры №13/41
“Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасына төлөө жана компенсациялоо жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы Кулуев Максатбек Кочубековичке акы төлөө жана компенсациялоо жөнүндө, Коомдук башталышта иштеген жергиликтүү кеңештердин төрагаларына жана аларды алмаштырган учурда төлөнүп берилүүчү бир жолку компенсациянын өлчөмүн аныктоо жөнүндө жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, Айры-Там айылдык кеңешинин токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрдагы ПЖ № 256 жарлыгынын негизинде Айры-Там айылдык кеңешинин төрагасы М.Кулуевдин ыйгарым укугу толугу менен токтотулсун;
2 Айры-Там айылдык кеңешинин төрагасына эмгек акы төлөө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык ишке ашырылсын;
3 Бир жолку компенсациялоо тиешелүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы айыл өкмөтү тарабынан сессия иштеген мезгили үчүн төлөп берилсин;
4 Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзам чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
5 Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
6 Төктөмдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |