Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4- февралы № 38/VIII-29
Таштандыларды чыгаруу кызматына тарифтерди жана административдик жазаларды бекитүү жөнүндө
Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди жана административдик жазаларды карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, “Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасынын 2022жылдын 1-февралындагы кайрылуусун карап,
Ивановка айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Мекемелерден айына таштандыларды чыгаруу баалары төмөнкүдөй бекитилсин:
ü Павильондор – 150 сом
ü Дүкөндөр – 250 сом
ü Кафе – 800 сом
ü Башкалары (унаа жуучу жай) – 250 сом
1. Үй чарбадан таштандыларды чыгарууга төмөнкүдөй баалар бекитилсин:
ü Ивановка а., ст.Ивановка – жылына 360 сом
ü Садовое а. – жылына 150 сом
3. Автоунаанын кызмат көрсөтүү акы төлөмдөрү төмөнкүдөй бекитилсин:
ü КАМАЗ жүктөө -500 сом; Газ-53, Зил-400 сом; Трактор – 350 сом.
4. Таштандыларды (пиязды) полигонго өз алдынча жеткирүү үчүн төмөнкүдөй төлөм белгиленсин:
ü бир унаа үчүн – 500 сом
5. Жүктөө, ташып чыгаруу – 2000 сом (күл, курулуш таштандылары ж.б.) бекитилсин.
6. Башка аймактын тургунун сөөгүн коюу – 20 000 сом.
7. Администрациялык жаза чаралары белгиленсин:
ü Белгисиз жерге таштандыларды чыгаруу үчүн - 5000 сом;
ü Ичүүчү суу менен жеке участокторду сугаруу үчүн суу насосторун колдонуу үчүн - 5000 сом.
8. 2017-жылдын 2-мартындагы № 16-ІІ -28 токтомунун 3-7-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г. Т.Самсалиева |