Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-августу № 463
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл, Кароол, Куршаб айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер участогунун жерлеринин контурун жана түрүн көрсөтүүдө дал келбестиктерди жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл, Кароол, Куршаб айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- үчүнчү абзацта "№ 853 (5,0 га)" деген сөздөр "№ 854 (5,0 га)’" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацта "кайрак айдоо жерлери" деген сөздөр "көп жылдык бак-дарактардын жерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.Касымалиев |