Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2022-жылдын 11-апрели № 5/1
2022-жылдын 1-апрелиндеги IV-сессиясында кабыл алынган “Үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү”№1 токтомун жокко чыгарып, кайрадан карап чыгуу жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңешинин төрагасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги IV-сессиясында эски жылдан үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү каралып айрым депутаттардын нааразы болгондугун эске алып, үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү, №1 “Үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү” токтомун жокко чыгарып, кайрадан карап чыгуу зарыл экендиги жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сары-Колот айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги №1 токтому көпчүлүк добуш менен жокко чыгарылып, 2021-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражаттарын айылдар боюнча бөлүштүрүү кайрадан каралсын.
2.Үнөмдөлгөн акча каражаттарынын кайрадан төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
- Курбан-Кара айылына тротуар жасоого – 270,0 миң сом;
- Н. Исанов атындагы орто мектебине – 130,0 миң сом;
- Тынчтык айылынын суу проектисине – 110,0 миң сом;
- Бекмуратов атындагы орто мектебине – 200,0 миң сом;
- Шерали айылына - 161,0 (801,1) миң сом;
- Присавай айылынын Курманажан атындагы мектебине – 200,0 миң сом;
- Сары-Колот айылына – 1417,0 млн сом; (126,0 миң сом)
Бардыгы : 3368000 сом.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө 3368000 бөлүнгөн акча каражатын өз убагында берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |