Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 12-августу №48
“2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын- ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдарга карата күтүлүүчү бюджет 105148,8 миң сом , корголгон берене 45820,0 миң сом болуп болжолдуу доолбору жактырылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жана бөлүм башчысы Г.Э.Өзүкановага милдеттендирилсин
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |