Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-августу № 477
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, жарандар жана ишкерлер үчүн финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, экономикага инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясынын IV бөлүмүндө:
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасында:
7, 8-пункттарда "2024-жылдын 30-декабры" деген сөздөр "2025-жылдын 30-декабры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктта "2022-жылдын 30-декабры" деген сөздөр "2025-жылдын 30-декабры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"
12-1 | Дилердик иш, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана инвестициялык фонддордун иши менен алектенген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн капиталдаштырууга карата талаптарды жогорулатуу | 2025-жылдын 30-декабры | Финансылык туруктуулуктун, финансылык уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлинин өсүшү | КР ЭКМ караштуу Финкөзөмөл |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.Касымалиев |