Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 4-сессиясынын 3-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №1
Бириктирилген Ак-Моюн айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө.
IX чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 15- сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кенеши карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириктирилген Ак-Моюн айыл аймагынын чек арасын аныктоо. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетине караштуу Жер Ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргызмамжердолбоор мамлекеттик иш канасы тарабынан түзүлгөн. Ак- Моюн айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып,жана талкуулап Ак-Моюн айылдык кеңеши токтом чыгарып бергенге макулдук берилсин.
2. Ак-Моюн жана Ак-Муз айыл аймактарын бириктирип, Ак-Моюн айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ак-Моюн айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.
3. Бириктирилген Ак-Моюн айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
4. Ак-Моюн айыл өкүмөтүнүн сарайларга,чабан үйлөргө жана кыштолорго жер алган тургундарга жер аянттардын өлчөмун контур боюнча макулдук берилсин.
5. Кабыл алынган чечимдер боюнча тийешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына даярдап берүү жагы Ак-Моюн айыл өкмөтунүн башчысы Н.Алакуновго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
.Төрага: | Ж. Алыбаев |