Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2022-жылдын 11-апрели № 5/2
Курбан-Кара айылындагы мектептин эски имаратын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Сары-Колот айылдык кеңешинин Курбан-Кара айылынын депутаттары жаны заманбап мектеп курулушу болуп жаткандыгына байланыштуу Курбан-Кара айылындагы Н.Исанов атындагы орто мектебинин эски имараты жеке менчиктерге берилбей бала бакча жана эмкана (ФАП) кылып пайдалнууну сунушташып, депутаттар талкуулап чыгып, алдын-ала жеке тараптарга сатылууга бөгөт коюу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Курбан-Кара айылындагы Н.Исанов атындагы орто мектебинин эски имараты жеке тараптарга сатууга тыюу салынсын.
2.Имарат бала бакча жана эмкана (ФАП) сыяктуу социалдык обьекттерге максаттуу пайдаланылсын.
3.Ушул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш маселелери жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |