Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-декабры № 19
Токтогул шаарынын аймагында жергиликтүү салыктарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 22.12.2021-жылдагы Салык Кодексинин 151-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасынын жана Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы № 4 Мыйзамынын негизинде, Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 13.12.2022-жылдагы № 01-17-738 сунуштарын кароо боюнча “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында жергиликтүү салыктын түрлөрү ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Салыктардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде белгиленген нормаларга ылайык эсептелинип, өндүрүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) жүктөлсүн.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына (Д.Бакиева) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, бир нускасын Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгына, бир нускасын Токтогул шаардык мэриясына жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.С.Белеков |
|
| Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 21.12.2022-жылдагы кезексиз VIII сессиясынын № 19 токтому менен бекитилди |
2023-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында
бекитилген жергиликтүү салыктардын түрөрү
№ | Элемент | Кирешелердин аталышы |
1. | 1131 | Мүлккө салык |
| 11311 | Кыймылсыз мүлккө салык |
| 11311100 | Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык |
| 11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык |
| 11311300 | 3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык |
| 11312 | Кыймылдуу мүлккө салык |
| 113121 | Транспорттук каражаттарга салык |
| 11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык |
| 11312110 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык |
2. | 1132 | Жер салыгы |
| 11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы |
| 11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы |
3. | 1415 | Ижара акысы |
| 14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы |
Төрага |
| Б.С.Белеков |