Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2022-жылдын 11-апрели №5/3
Эгин талааларындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянга учураткан жаныбарлардын ээлерине карата чара колдонуу жөнүндө
Депутаттар жарандардын элдин колундагы бош жүргөн жылкылар, малдардын үлүш жана ижара жерлердеги эгилген айыл чарба өсүмдөктөрүн тебелеп, аларды зыянга учуратып жатат деген оозеки кайрылууларынын негизинде талкуу кылышып, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Элдин колундагы бош жүргөн жылкылар үлүш жана ижара жерлериндеги эгилген айыл чарба өсүмдөктөрүн тебелеп, аларды зыянга учураткандыгы аныкталган учурда келтирилген зыяндын орду толтурулуп, алардын ээлерине карата 5000 (Беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
2. Токтомдун мазмуну менен элди тааныштыруу максатында токтомдун көчүрмөлөрү эл көп чогулган жерлерге илинип, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл аймагынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер жана укук маселелери боюнча комиссияларына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |