Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII - ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVII - СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 2-декабрындагы № 2
Октябрь айылындагы Садовая көчөсүнѳ тротуарды асфальттоо иштерине долбоорду каржылоого каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/892/1 02.12.2022-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылындагы Садовая көчөсүнө тротуарга асфальт тѳшѳѳ долбоорун стим.грант эсебинен ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 600 000 сом бөлүп берүү жѳнүндѳ» кайрылуусунун негизинде Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылындагы Садовая көчөсүнө тротуарга асфальт тѳшѳѳ долбоорун стим.грант эсебинен ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 600 000 (Алты жүз) миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. У.Жолборсовго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Жумабаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төраганын м.а. | Г.Арипова |