Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 12-августу №50
“Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” номинациясына сунуштоо жөнүндө”
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз- Торо районунун Казарман айылындагы элдерди таза суу менен камсыз кылууга жана долбоорлорду өткөрүп, социалдык - экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон алгылыктуу салымы үчүн, учурда түштүк региону боюнча суу чарба башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеп жаткан Долдоев Таалайбек Анарбаевич 2024- жылдын 31- август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул сунушту колдоп аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |