Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII - ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVII - СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 2-декабрындагы № 3
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 02.12.2022-жылдагы № 01-15/894 кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 02.12.2022-жылдагы № 01-15/894 «Багыш айыл өкмөтүнѳ караштуу Октябрь айылынын Полевая кичи кѳчѳсүнѳ Матаев Эрнисбектин ысымын ыйгарууга уруксат берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун, Октябрь-3 айылынын тургундарынын кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнѳ караштуу Октябрь айылынын Полевая кичи кѳчѳсүнѳ Матаев Эрнисбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысынын м.а. У.Жолборсовго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төраганын м.а. | Г.Арипова |