Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 12-августу №51
“Тогуз - Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунуштоо жөнүндө”
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын социалдык- экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон маанилүү салымы жана райондун, айылдын элине талыкпай ак ниет кызмат көрсөтүп келгендиги үчүн Каргалык айыл аймагынын тургуну, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардактуу ишкери” наамынын ээси, учурда Каргалык айылдык кеңешинин депутаты Жээналиев Майрамбек Макенович Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жүктөлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |