Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-декабры № 22
Камбар-Ата -1,2 ГЭСтеринин башкармалыктарын Жалал-Абад областына караштуу Токтогул районунун Токтогул шаарынын аймагына жайгаштыруу жөнүндө
КР “Жергиликтүү мамлекетттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу” жөнүндөгү мыйзамдарына жана 05.11.2022-жылы Токтогул шаарында болуп өткөн жергиликтүү курултайдын чечимине ылайык, Камбар-Ата1,2 ГЭСтеринин башкармалыктарын Токтогул шаарына жайгаштыруунун социалдык жана экономикалык негиздерин талкуулоонун жыйынтыгы боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаары Токтогул районунун борбору катары, анын инфрастуктурасын жакшыртууга, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берүү жагы эске алынсын.
2. Жергиликтүү курултайдын бир маселеси болгон, Камбар-Ата-1,2 ГЭСтеринин башкармалыктарын Токтогул шаарынын аймагына жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго өтүнүч келтирилсин.
3. Бул маселе Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан бир добуштан колдоого алынгандыгы баса белгиленсин.
4. Токтомду аткаруу боюнча жогорку органдарга кайрылуу, макулдашууларды жүргүзүү Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин төрагасына (Б.С.Белеков) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.С.Белеков |