Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 4- февралы № 42/VIII-29

Башка шаардын тургундарына сөөк коюу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө

 

              Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик жана инвестиция  боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын угуп жана талкуулап, , «Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасынын директору Л.А.Кондаурованын маалыматын угуп, Ивановка айылдык кеӊеши

 

 токтом кылат:

1. Ивановка айыл аймагында туруктуу жашаган жана Ивановка айыл аймагында жашап турууга уруксаты бар жарандарга мусулман жана христиан көрүстөндөрүндө сөөк коюу үчүн жер тилкеси бекер берилсин.

2.Ивановка айыл аймагында жалпысынан 10 жылдан кем эмес жашаган жана Ивановка айыл аймагында жакын туугандары (атасы, апасы, бир тууган агасы, эжеси) бар жарандар (өлгөн убактысында жашаган жерине карабастан,) Ивановка жана ст. Ивановка айылдагы мусулман жана христиан көрүстөндөрүнө сөөк коюу үчүн жер тилкеси бекер бөлүнүп берилсин.

3.Кең-Булуң менен Гидростроитель айылындагы тургундарына Ивановка айылындагы христиан көрүстөнүнө сөөктү коюу үчүн жер тилкелери бекер бөлүнүп берилсин.

4.Ивановка айыл аймагындагы туугандары бар башка шаардан келген жарандарга Ивановка айылындагы жана ст.Ивановкадагы мусулман жана христиан көрүстөндөрүнөн сөөк коюу үчүн«Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканага 20 000 (жыйырма миң) сом төлөмүн жүргүзгөдөн кийин  жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Г. Т.Самсалиева