Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-декабры № 21
Манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун айкелин орнотууга жер аянтын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, 21.07.2022-жылдагы ардагер А.К.Смадиловдун, 15.09.2022-жылдагы Токтогул шаарынын мэри Т.С.Кылдановдун 12.12.2022-жылдагы Токтогул шаарынын ардагерлер кеңешинин, сотунун кайрылуулары “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналыштарында каралган.
Жыйынтыгында, Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына карата, туруктуу комиссиянын чечимин, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиясынын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун айкелин урпактары, жакын туугандары тарабынан орнотулушу үчүн Токтогул шаарынын борбордук аянтынан (семетейчи Сейдана апанын айкелинин жанынан) 3м2 жер аянты чектелип берилсин.
3. Архитектуралык композиция сакталсын, айкелдин көлөмү, бийиктиги жагынан аянтта турган айкелдерге шайкеш келтирилсин.
5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Б.Дүйшөналиев) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
10. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 04.06.2014-жылдагы кезексиз II сессиясынын № 10 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага |
| Б.С.Белеков |