КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 12-августу №52
“Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12- августунтагы № 01-6/480 чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (беренеден беренеге жылдыруу)”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Башкаруу тармагынын 2215- ар кандай чыгымдар беренесинен медиацияга каралган - 80,0 миң сомду, 2215- ар кандай чыгым беренесинен майрамдарга иш-чараларга каралган 150,0 миң сомду, 2214 - транспорт чыгымына муниципалдык техникалык сервис муниципалдык ишканасына авто тетиктерди алууга каралган - 80,0 миң сомду, баардыгы болуп - 310,0 миң сомду, 2215- ар кандай чыгымдар беренесине ит, карышкыр жана чөө атууга - 80,0 миң сом акча каражатын жылдырып, 2215-ар кандай чыгымдар беренесине Кыр - Жол каналынын 3км жерди кол менен тазалап, кеңейтүү менен 100 метр жерди цементөө жана суунун башына 2 даана курулмаларды курууга -150,0 миң сом акча каражатты жылдырып, 2214 - транспорт чыгымына Субару - форестр кызматтык авто унаасын оңдоп түздөөгө тетиктерди алуу үчүн - 80,0 миң сомду жылдырып, баардыгы болуп - 310,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
- Бала бакча тармагынын 2218 тамак - аш беренесине каралган акча каражаттан “Айзирек”мектепке чейинки билим берүү уюмунун патологун, электр проводдорун алмаштырууга, айнектерин жана дубалдын түптөрүн оңдоп түздөөгө кайрылуунун негизинде - 69,0 миң сомду 2221- учурдагы оңдоп түздөө беренесине жылдырып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 12.10.2021 - жылдагы №435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү жана илим министрлигинин 28.05.2024-жылдагы №816/1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 14.06.2024 - жылдагы №133-б буйругу, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 08.07.2024-жылдагы №185-б буйругу менен долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, Каргалык айыл өкмөтүнө 2024 - 2025 - окуу жылына карата ыкчам аракеттерди көрүүгө, “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 4 тайпа 80 балага керектелүүчү эмеректер менен камсыз кылууга - 440,0 миң сом, “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 4 тайпа 65 балага керектелүүчү эмеректер менен камсыз кылууга - 431,9 миң сом, “Айдай” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 1 тайпа 25 балага - керектелүүчү эмеректер менен камсыз кылууга - 400,0 миң сомду 3112- эмеректерди алуу беренесине жылдырып, баардыгы болуп -1340,9 миң сом акча каражаттары жылдырылып берилсин.
- Мектеп тармагынын 2231- коммуналдык чыгымдар беренесине каралган акча каражаттан - 70,0 миң сомду, Табылгыты айылындагы Э.Касымалиев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жылытуу системасынын конвенторлору жарылып, жараксыз абалда болгондуктан кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жана кайрылуунун негизинде, 3112- эмеректерди алуу беренесине - 70,0 миң сомду жаңы конвентор алууга акча каражаты жылдырылып берилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жана бөлүм башчысы Г.Э.Өзүкановага милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |