Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2022-жылдын 28-апрели № 6/2
Ичүүчү таза суунун жана күрөш ийриминин бааларын бекитүү жөнүндө
Депутаттар 2022-жылдын 14-апрелиндеги элдик жыйындын протоколунда көрсөтүлгөн чечимдер жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн таза суу үчүн тарифтердин эсептери менен таанышып, карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айылында өткөрүлгөн 2022-жылдын 14-апрелиндеги элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
2.Сары-Колот айылынын тургундары үчүн ичүүчү таза суунун тарифи төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
- көчөдөн ташып ичкендер үчүн бир айга - 104 сом,
- короонун ичине суу киргизгендер үчүн бир айга - 208 сом,
- суу эсептегич орноткондор үчүн 1 м3 таза суу - 45 сом,
- мектеп балдары үчүн бир айга -14 сом,
- бала бакчанын тарбиялануучулары үчүн бир айга -19 сом.
3. Сары-Колот айылында грек-рим күрөшү менен машыккан балдар үчүн бир айлык төлөмү 600 сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Токтомдун бирден нускалары ИСКАКБга жана машыктыруучуга берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин бюджет маселелери жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |