Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 12-августу №53
“Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 12.08.2024- жылдагы чыгыш №01-6/490 сандуу катын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын №39852 12.07.2024-жылдагы тапшырмасын ишке ашыруу максатында , Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 7-беренесине ылайык, 2023-жылдын 25-октыбрынын №653-т тескемесинин негизинде берилген “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 СЕ (кен казуу иштерине) алган лицензиясынын казып алуу иштерине мурда курулган эски технологиялык жолду трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 СЕ (кен казуу иштерине) алган лицензиясынын казып алуу иштерине “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын территориясы аркылуу 38,58 га жер аянтына, узундугу 24,09 км жол аркылуу лицензияланган участокко “Миңтеке” жоопкерчилиги чектелген коомуна мурда курулган эски технологиялык жол аркылуу көмүр ташып өтүүчү жолду Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 7- беренесине ылайык макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |