ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4- февралы № 45/VIII-29
Инвестицияларды тартуу боюнча демилгелүү, мониторинг жана жумушчу тобун түзүү жөнүндө
Ивановка шаарындагы № 2 орто мектептин директору Д.А. Аширалиеванын «Инвестицияларды тартуу боюнча демилгелүү, мониторинг жана жумушчу тобун түзүү жөнүндө», «Чатырды капиталдык оңдоо» долбоорун Чүй облусун өнүктүрүү Фондуна тапшыруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ивановка айылдык кеӊеши
токтом кылат:
1. “Чатырды капиталдык оңдоо” долбоору бекитилсин.
2. Долбоорду конкурска катышуу үчүн Чүй облусун өнүктүрүү Фондуна жөнөтүлсүн.
3. «Чатырды капиталдык оңдоо» долбоору боюнча жергиликтүү бюджеттен салымы каралсын.
4. «Чатырды капиталдык оңдоо» долбоору боюнча демилге, мониторинг жана демилгелүү тобу бекитилсин.
Демилгелүү топтун курамы:
1. Самсалиева Г.Т.- айылдык кеңештин төрагасы;
2. Аширалиева Д.А.- № 2 орто мектептин директору;
3. Жолдошалы К.Б.- ТИ боюнча директорунун орун басары;
4. Ногойбаев И.К.- айылдык кеңештин депутаты;
5.Мааткеримов М.Т.- айылдык кеңештин депутаты;
6. Усупова К.Ж.- № 2 орто мектептин мугалими;
7. Самакова Г.А.- № 2 орто мектептин мугалими;
Мониторинг тобунун курамы:
1.Осмонов Ж.О.- мониторинг тобунун жетекчиси, бюджеттик комиссиянын төрагасы;
2. Ногойбаев И.К.- айылдык кеңештин депутаты;
3. Жолдошалы к. Бурулсун— № 2 мектептин ТИ боюнча директорунун орун басары.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.