Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 5-сессиясынын 2-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 23-майы №1
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыл башында бюджеттен каралып айрым үнөм болуп пайдаланылбай калган акча каражаттарынын статьяларга жылдыруу жөнүндө
Ак-Моюн айылдык кеңештин сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын бюджетинен 701 11 бөлүгүнүн 2215 статьясынын 22154900 элементиндеги ар кандай чыгымдар үчүн каралган 451,1 миң сом үнөм болгон акча каражатын, “Ак-Моюн” сайтын жазоо үчүн 50,0 миң сом, архивдик документтерди өткөрүү үчүн 55,0 миң сом, муниципалдык ишкананын ишин жакшыртуу үчүн 74,0 миң сом, укуктук документтерди жазатуу үчүн 100,0 миң сом, ар кандай чыгымдарына 92,1 миң сом жана 70921 бөлүгүнүн 3112 статьясынын 31123290 элементине С. Мырзакматов орто мектебине керектүү муктаждыктарды алуу үчүн 80,0 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Ак-Моюн айылынын бюджетинен 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынын 22154900 элементиндеги Аялдар кеңешинин иш-чарасы үчүн каралган (КААБ) 158,0 миң сом үнөм болгон акча каражатын, 70111 бөлүгүнүн 2221 статьясынын 22211100 элементине Ак-Моюн айылындагы соц. мекеменин (КААБ) ремонту үчүн 79,0 миң сом, 70111 бөлүгүнүн 3112 статьясынын 31123290 элементине Ак-Муз айыл аймагындагы машыгуу залына керектүү жабдыктарды алуу үчүн 79,0 миң сом жылдырылсын.
3. Ак-Моюн айылынын бюджетинен 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынын 22154900 элементиндеги Боогачы орто мектебинин өздүк салымына каралган 110,0 миң сом акча каражатын, 70921 бөлүгүнүн 3112 статьясынын 31122290 элементине Боогачы орто мектебине лабораториялык аспаптарды алуу үчүн 110,0 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
4. Ак-Моюн айылынын бюджетинен 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынын 22154900 элементиндеги Бирлик айылынын бала бакчасынын өздүк салымына каралган 50,0 миң сом акча каражатын, 70911 бөлүгүнүн 3112 статьясынын 31122290 элементине Бирлик “Сезимтал” бала бакчасына электр генератор (движок) алуу үчүн 50,0 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
5. Ак-Моюн айылынын бюджетинен 70911 бөлүгүнүн 3112 статьясынын 31122290 элементиндеги С. Исраилов атындагы балдар бакчасына генератор алууга каралган 79,0 миң сом үнөм болгон акча каражатын, 70911 бөлүгүнүн 2221 статьясынын 22211100 элементине С. Исраилов балдар бакчасынын ремонту үчүн 49,0 миң сом, 2221 статьясынын 22211100 элементине Бирлик “Сезимтал” бала бакчасынын ремонтуна 30,0 миң жылдырылсын.
6. Ак-Моюн айылынын бюджетинен 70911 бөлүгүнүн 3112 статьясынын 31123290 элементиндеги “Тамчы Булак” бала бакчага нан бышыруучу печка алууга каралган 70,0 миң сом үнөм болгон акча каражатын, 70911 бөлүгүнүн 2221 статьясынын 22211100 элементине “Тамчы Булак” бакчасынын ремонтуна 70,0 миң жылдырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго, башкы бухгалтер Г. Акматбековага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго тапшырылсын жана өзүмө калтырам.
.Төрага: | Ж. Алыбаев |