Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-ноябры № 48
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 28.10.2022-жылдагы № 946 сунушунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 28.10.2022-жылдагы № 946 сунушу эске алынсын.
2. Жыл башында бөлүнүп, жумшалбай калган акча каражаттар төмөндөгү жумуштарга жылдырылып жумшалсын.
- Аӊ-Арык айылындагы Сасыкулов Шакир көчөсүнө таза суу чыгарууга - 100,0миӊ сом
- Орто-Жон айылындагы электр мамычаларын оӊдоого электр чубалгыларын алууга -100,0 миӊ сом.
- Коӊур-Өгүз айылынан жер сатып алууга деп каралган 300,0 сом акча каражатты, Коӊур- Өзүз айылына таза суу чыгарууга жумшалсын.
- Бел-Кара-Суу айылынын тургундары булактан суу тартып алуу үчүн насос алууга - 35,0 миӊ сом
- Спорт комплекстин оӊдоп түздөө иштерине 50,0миӊ сом
- Кароолкананын курулушуна кошумча- 100,0 ми сом
- А.Ибраимов атындагы орто мектебинин окуучусу Сапардинов Эржигит Ташкент шаарында өтүүчү менталдык орфиметика боюнча таймашка катышып келүү үчүн жол чыгымына -20,0 миӊ сом акча каражатты жылдырылып жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Акматжан уулу Жеңишбекке жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешинин төрагасынын орун басары |
М.Б. Суранбаева |