Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 18-апрели №21/6

 

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2022-жылы түзүлгөн бюджетинин сметасын кароо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Э.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги отурумунун корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылы түзүлгөн бюджетинен иштетилбей калган 3111-беренсиндеги 29255800 (жыйырма тогуз млн эки жүз элүү беш миң сегиз жүз) миң сом акча каражаты 2023-жылга карата түзүглөн бюджеттин 3111-беренесине, ал эми 2218-беренесиндеги 128900 (бир жүз жыйырма сегиз миң тогуз жүз) сом акча каражатты айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетинин 2218-беренсине которулуп берилсин.

 

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

 

А.Саттаров