Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-сентябры № 583
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ак-Суу жана Баткен аймактык башкармалыктарынын административдик имараттарын жана "Психикалык өнүгүүсү жетишпеген балдар үчүн атайын башталгыч жатак-мектеби" мекемесине жана М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Мырза-Аке мектеп-интернатына спорттук комплекстерди куруу жөнүндө
Мамлекеттик мүлк менен камсыз кылуу, мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана интернат тибиндеги балдар мекемелерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 385-т тескемесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 225, 231, 233-4-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-статьясына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөр боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын:
1) Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Курулуш көчөсү, номери жок дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду № 12-01-17-1001-2613 болгон колдонуудагы административдик имаратты бузуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ак-Суу финансы башкармалыгын андан кийин жайгаштыруу үчүн жаңы административдик имаратты долбоорлоо жана куруу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Баткен финансы башкармалыгын андан кийин жайгаштыруу үчүн Баткен облусу, Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү, № 38а дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 8-01-01-0001-1266 болгон жер участогунда жаңы административдик имаратты долбоорлоо жана куруу боюнча;
3) Ош облусу, Өзгөн шаары, Мырза-Аке айылы, Мырза-Аке айыл өкмөтү дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 5-06-15-1001-1177 болгон М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Мырза-Аке мектеп-интернатынын жер участогунда жаңы спорттук комплексти долбоорлоо жана куруу боюнча;
4) Чүй облусу, Сокулук району, Нижнечуйск айылы, Гагарин көчөсү, 5 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду № 7-08-14-1001-0542 болгон "Психикалык өнүгүүсү жетишпеген балдар үчүн атайын башталгыч жатак-мектеби" мекемесинин жер участогунда жаңы спорттук комплексти долбоорлоо жана куруу боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн административдик имаратты бузууну, ошондой эле жаңы административдик имараттарды жана спорттук комплекстерди долбоорлоону, курууну жана жабдууну каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан берилген сметалык документтерге ылайык атайын эсептин каражаттарынын эсебинен каражат бөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттердин сапаттуу жана өз убагында курулушун белгиленген тартипте камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
1) техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин белгиленген талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашырсын;
2) долбоорлоого, курууга архитектуралык-шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерди берүүдө, экспертизадан өтүүдө жана курулуп бүткөн объектти эксплуатацияга кабыл алууда көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |