Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2022-жылдын 28-апрели № 6/3
Сары-Колот айыл аймагында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу боюнча жобону бекитүү жана курамын түзүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап Сары-Колот айыл аймагында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө жобону карап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобо бекитилсин.
2.Сары-Колот айыл аймагында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү талаптарга ылайык түзүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |
| Сары-Колот айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги №6/3 токтому менен бекитилген. |
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун бекитүү жөнүндө.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык башкаруу жөнүндө “КРнын мыйзамынын “Маммлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамынын КРнын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун Уставын жетекчилике алуу менен USAIDдин “Ийгиликтүү аймак -2” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-апрель № 23-буйругу менен кабыл алынган Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга кызматтарды жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөл жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо тобунун
КУРАМЫ:
1. Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо тобуну (мындан ары БМ жана Б тобу) төмөнкү курамда бекитилсин:
а) Бекмурзаев Арзыкул- Сары-Колот айылынын тургуну,топтун төрагасы.
б) Айтикеев Эсен-айыл өкмөтүнүн башкы адиси, топтун мүчөсү.
в) Акматова Апизакан-айылдык кеңештин катчысы топтун мүчөсү.
г)Жунусов Бакытбек-таза суу чарбасынын жетекчиси, топтун мүчөсү.
д) Абдыкасымова Курманжан-айылдык кеңештин депутаты, топтун мүчөсү.
2. Жогорудагы түзүлгөн БМ жана Б тобуна ар бир аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүү жагы тапшырылсын.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |