Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-ноябры № 49
Кызыл-Өзгөрүшайыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 28.10.2022-жылдагы № 946 сунушунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 28.10.2022-жылдагы № 946 сунушу эске алынсын.
2. Жыл башында бөлүнүп, жумшалбай калган акча каражаттар төмөндөгү жумуштарга жылдырылып жумшалсын.
- Айыл өкмөттүн имаратынын ажатканасын курулушунун эмгек акысына-25,0 миӊ сом
- Айыл өкмөттүн имаратынын электр линияларын жаӊыдан мантаждоого -241,7 миӊ сом.
- Мектептерге каралган каражаттардын статьяларын жылдырып жумшоо.
М.Термечиков атындагы орто мектебинин жылуулук системасын оӊдоого-16,0 миӊ сом
А.Ибраимов атындагы орто мектебине-5800 сом
К.Чодошев атындагы орто мектебине-55,0 миӊ сом
Ж.Чаргынов атындагы орто мектебине-13,0 миӊ сом
С.Чекиров атындагы орто мектебине-55,4 миӊ сом
“Шумкар” бала бакчасына-12,0 миӊ сом, жалпы билим берүү тармагына -157200 сом каражат сурап кайрылышкан.
Бууракан айылына көпүрө курууга каражат бөлүп берүү
“Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына бульдезор трактор сатып алууга каражат бөлүп берүү
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Акматжан уулу Жеңишбекке жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешинин төрагасынын орун басары |
М.Б. Суранбаева |