Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-ноябры № 50
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 28.10.2022-жылдагы № 946 сунушунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 28.10.2022-жылдагы № 946 сунушу, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушу эске алынып төмөндөгү жер аяянттары Кыргыз Республикасынын жер кодексинин мыйзамдарына ылайык бөлүнүп берилсин .
- Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүн имаратын курууга жер аянты бөлөнүп берилсин.
- Камыш-Башы айылына бала бакча курууга жер аянты бөлөнүп берилсин.
- Айыл аймагыбызга өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча ишкана курууга жер аянты бөлөнүп берилсин.
- Өндүрүлгөн азык-түлүк жана мөмө жемиш азыктарын сактоого логистикалык борбор курууга жер аянты бөлөнүп берилсин.
- Ветеринардык даарыкана курууга 0,01 га жер аянты бөлөнүп берилсин.
- Ак-Бейит участкасынан мөмө-жемиш бак отургузууга жайыт жерден жер бөлүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан жарандарга 2 гектардан жер келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөт менен арендага берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Боргемиковго жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешинин төрагасынын орун басары |
М.Б. Суранбаева |