МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 2-сессиясы
2024-жылдын 20-марты № 10
2024-жылга айылдык кеңештин штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасы Б.К.Саркуловдун “2024-жылга айылдык кеңештин штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө” маалыматын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомунун негизинде
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин аппараты боюнча 3(үч) штаттык бирдик бекитилсин:
- Айылдык кеңештин төрагасы – 1 бирдик;
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы – 1 бирдик;
- Иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы – 1 бирдик;
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Саркулов |