Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-ноябры № 51
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында сатылып жаткан ветеринардык дары дармектердин сактоо эрежелерин көзөмөлгө алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл кеӊешинин депутаты Ж.Ысырайыловдун сунушун угуп, талкуулап,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл кеӊешинин депутаты Ж.Ысырайыловдун сунушун эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Матыбай –Ата” менчик базарында сатылып жаткан ветеринардык дары дармектердин сапаттын жана сактоо эрежелерин туура сакталышын текшерүү үчүн райондук деӊгээлде комиссия курамы түзүп берүү үчүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким А.Тюкебаевге кат жолдоо жагы айыл өкмөт башчысы К. Тууганбаевге тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешинин төрагасынын орун басары |
М.Б. Суранбаева |