Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 14-октябры № 639-т
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Юстиция министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Юстиция министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Сауд Аравия Королдугунун Юстиция министрлиги юстиция чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну жана байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн таанып, төмөнкүлөр жөнүндө сүйлөштү:
1-берене. Максаты
Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө ушул меморандумдун (мындан ары - Меморандум) максаты достукту жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү, ошондой эле тике баарлашуу аркылуу Тараптардын ортосундагы кызматташуунун багыттарын изилдөө болуп саналат.
2-берене. Кызматташуу чөйрөсү
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
1) юстиция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруунун ченемдерин жана механизмдерин өркүндөтүүдө тажрыйба алмашуу;
2) тиешелүү мекемелер аркылуу Тараптардын мамлекеттеринин юстиция органдарынын системасынын кызматкерлерин даярдоо жаатында кызматташуу;
3) эксперттердин жана адистердин ортосунда визит алмашуу;
4) нотариат чөйрөсүндө иштеген адамдардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү;
5) адвокатура чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү;
6) Тараптар макулдашкан бардык башка багыттар.
3-берене. Кызматташуунун багыттары
Тараптар укук жана аны практикада колдонуу менен байланышкан ар кандай темалар жана маселелер боюнча симпозиумдарды, конференцияларды жана биргелешкен окуу курстарын өткөрүүнү жана уюштурууну кубаттайт, ошондой эле ар бир Тарап уюштурууга ниеттенген симпозиумдарга жана илимий конференцияларга чакырууларды беришет.
Тараптар өз ара алмашуунун жана Тараптар уюштурган курстарга жана семинарларга катышуунун негизинде иштеп жаткан юристтердин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө тыгыз кызматташат.
4-берене. Кызматташууну координациялоо
Ушул Меморандумду ишке ашырууда Тараптар тике мамилелерди жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдү дайындайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги - Эл аралык-укуктук башкармалык.
Сауд Аравия Королдугунун Юстиция министрлиги - Жөнгө салуу жана эл аралык кызматташтык боюнча агенттик.
Ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Тараптар өздөрүнүн кызматкерлеринин арасынан жумушчу топ түзөт.
Жумушчу топ зарылчылыкка жараша же Тараптардын ар бири каалаган учурда Тараптардын ортосундагы укуктук кызматташтыктын программаларын жана багыттарын аныктоо үчүн жолугушат.
5-берене. Чыгымдар
Ар бир Тарап ушул Меморандум боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарууда келип чыккан чыгымдарды өз мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык тартат.
6-берене. Купуялуулук
Эки Тарап тең алар багытталган максаттарды кошпогондо, Тараптар макулдашкандай алар алмашкан маалыматтарды жана документтерди пайдаланбоого жана аларды маалымат берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка бербөөгө милдеттенет.
7-берене. Талаш-тартышты чечүү
Ушул Меморандумду чечмелөөгө же ишке ашырууга байланыштуу Тараптар ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар алардын ортосунда тынчтык жолу менен, алардын жалпы кызыкчылыктарына туура келгендей консультацияларды берүү аркылуу чечилүүгө тийиш.
8-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдаша алат.
2. Түзөтүүлөр Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум күчүнө киргендей шарттарда эле күчүнө кирет.
9-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана денонсациялоо
Бул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички укуктук жол-жоболордун аяктагандыгын ырастоочу эки Тараптын ортосундагы дипломатиялык каналдар боюнча акыркы өз ара кабарлоо датасынан тартып күчүнө кирет.
Бул Меморандумду колдонуу мөөнөтү 5 (беш) жылды түзөт жана ал Тараптардын бири гана экинчисине дипломатиялык каналдар боюнча аны бузуу же бузбоо ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, ал автоматтык түрдө бир же бир нече ушундай мөөнөткө узартылат.
Ушул Меморандумду колдонууну токтотууда же узартылбаган учурда Меморандумдун жоболору анын алкагында келип чыккан долбоорлор жана программалар үчүн күчүндө калат.
_________________ шаарында "____"____________ 20___-ж. үч тилдеги: кыргыз, араб жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн |
| Сауд Аравия Королдугунун Юстиция министрлиги үчүн |
__________________________________________________ |
| ____________________________________________________ |