МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 12
Миң-Булак айыл аймагынын 2025-жылга калктуу конуштарындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерине жана короо участокторуна жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин белгилөө жөнүндө.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерине жер салыгын эсептеш үчүн зоналдык коэффициентин белгилөө жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Миң-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынынын Александровка, Садовое, Сретенка, Беш-Көрүк, Крупское, Заря, Большевик айылдарындагы жеке жана короо-бакча жер участокторуна, үйгө жанаша жер участокторуна зоналдык коэффициент (К-3) - 2,0 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Миң-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынын Александровка, Садовое, Сретенка, Беш-Көрүк, Крупское, Заря, Большевик айылдарындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерин пайдаланууга зоналдык коэффициент (К-3) – 2,0 өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул токтом Москва району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына жеткирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага |
| Саркулов Б.К. |