Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 21-октябры № 169
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө", "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 931-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо, мектеп, мектепке чейинки балдар үчүн, социалдык мекемелердин, анын ичинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстеринин объекттерин, маданият, искусство чөйрөсүнүн объекттерин жана чакан ГЭСтерди куруу;";
2) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу үчүн жерлерди "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууда жеке же юридикалык жактар республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын же болбосо райондук мамлекеттик администрациянын тиешелүү комиссиясына арыз беришет.
Арызда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалыматтар, которула турган жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин бир түрүнөн башкасына которуунун негиздемеси көрсөтүлөт.
Арызга арыз ээсинин - жеке жактын инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөсү, же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, жер участогуна карата укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү, курулуш планынын эскиздик долбоору тиркелет.";
3) 12-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) бул объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары болбогондо, социалдык, коммуналдык-тиричилик багыттагы объекттерди, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, саламаттык сактоо, билим берүү объекттерин жайгаштыруу менен;";
4) 20-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктунда белгиленген жер участокторун кошпогондо, жеке менчикте турган жер участоктору шаар куруу документтеринин, шаардын жана айылдын калктуу конуштарынын аймактарын куруу жана жерин пайдалануу эрежелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген тартипте жерлер алынгандан кийин жеке турак жай курулушуна которулат.".
2-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., №. 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин курууга бөлүнүүчү жерлерге.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 21-октябры № 169
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө", "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)