Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-сентябры № 582
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Фемида" пансионаты" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Сот системасынын кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Фемида" пансионаты" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Фемида" пансионаты" МИ) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-2. Ушул токтомдун колдонулушу "Чоң-Алайкөмүр", Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Фемида" пансионаты" жана "Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканаларына жайылтылбайт деп белгиленсин.".
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Фемида" пансионаты" МИнин уюштуруучусу болуп чыгуу;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен макулдашуу боюнча "Фемида пансионаты" МИнин уюмдаштыруу жана уюштуруу-тескөө документтерин бекитүү;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги "Фемида" пансионаты" МИни мамлекеттик каттоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |