Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2022-жылдын 28-апрели № 6/5
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча “Жумушчу комиссия жөнүндө” жобону бекитүү
Айылдык кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча “Жумушчу комиссия жөнүндө” жобону талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча “Жумушчу комиссия жөнүндө” Жобо бекитилсин жана жумушчу комиссия түзүлсүн.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |
| Сары-Колот айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 6/5 токтому менен бекитилген |
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин
натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиясы төмөндөгүдөй
курамда бекитилсин:
1. Макеев Кыялбек-Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы, жумушчу комиссиянын төрагасы.
2. Айтикеев Эсен-Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, жумушчу комиссиянын катчысы.
3. Мамадинова Авазкан- аялдар кеңешинин төрайымы, жумушчу комиссиянын мүчөсү.
4. Жунусов Бакытбек-“Үч-Көл-Суу” таза суу ишканасынын жетечиси, жумушчу комиссиянын мүчөсү.
5. Джунусов Туратали-жаштар кеңешинин төрагасы, жумушчу комиссиянын мүчөсү.