Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2022-жылдын 28-апрели № 6/6
“Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндөгү” Жобону бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын айыл өкмөтүнүн карамагын дагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүүнү, сатууну тартип менен уюштуруу максатында “Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндөгү” Жобону бекитип берүү боюнча сунушун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндөгү” Жобо бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн мунципалдык менчик обьекттерин жарандарга ижарага берүү, жеке жана юридикалык жактарга сатуу боюнча конкурс, аукцион жана түз берүү, өткөрүүдө жогоруда аталган жобонун талаптарын катуу жетекчиликке алуу менен уюштуруу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |