Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/53
К3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы, үй жанындагы, короо-жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун жана калктуу конуштардын жерлерине жер салыгы, мүлк салыгынын зоналдык К3 коэффициентинин 2,0 өлчөмдө бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы, үй жанындагы, короо-жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун жана калктуу конуштардын жерлерине жер салыгы, мүлк салыгынын зоналдык К3 коэффициенти 2,0 өлчөмдө бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |