Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/55
Социалдык объектилеринин документтерин мыйзамдаштыруу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылында жайгашкан эски клубтун жана мектептин, Чоң-Жар айылында жайгашкан эски мектептин документтерин мыйзамдаштырып мамлекеттик актысын алуу үчүн, Күнтуу айылындагы Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан машыгуу залынын документтерин мыйзамдаштыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылында жайгашкан эски клубтун жана мектептин, Чоң-Жар айылында жайгашкан эски мектептин документтерин мыйзамдаштырып мамлекеттик актысын алуу үчүн макулдук берилсин;
2. Күнтуу айылындагы Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан машыгуу залынын документтери мыйзамдаштырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |