Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/56
Кум-шагыл карьерин иштетүү максатында жер тилкесин трансформациядан өткөрүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы №511, 512 контурунан, аянты 2,0 га жер тилкесин кум- шагыл иштетүү үчүн жабдууларды орнотууга, таштарды иштетүүгө жер тилкесин трансфорациядан өткөрүү үчүн “Береке Кызыл-Туу” ЖЧКнун мүдүрү М.С. Пазыловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, “Конок” участогунда кум-шагыл аралашмасын иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча иш программасы менен таанышып чыгып, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы №511,512 контурунан, анты 2,0 га жер тилкесин “Конок” участогунда кум-шагыл аралашмасын иштетүү максатында жабдууларды орнотууга, таштарды иштетүүгө жана өндүрүлүп чыккан өндүрүү продукциясын жыйнап топтоочу жайга жер тилкесин трансфорациядан өткөрүү үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде иш алып барууга милдеттендирилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.К. Чыныбаевке жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Р.К. Чыныбаев |