Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/57
Кум-шагыл карьерин иштетүү үчүн ижарага берүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Исмаил айылында жайгашкан №466 контурунда аянты 1,1га жер тилкесин, №467 контурунда аянты 0,5га жер тилкесин куш-шагыл карьерин иштетүүгө ижарага берүү жөнүндө Исмаил айылынын тургуну М.Б. Суюналиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, 2024-жылдын 12-сентябрында Исмаил айылынын тургундарынын өткөзүлгөн жыйындын протоколунун негизинде, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Исмаил айылында жайгашкан №466 контурунда аянты 1,1га жер тилкесин, №467 контурунда аянты 0,5га жер тилкесин жер үстүндөгү кум-шагыл карьерин иштетүү үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде иш алып барсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.К. Чыныбаевке жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Чыныбаев Р.К. |