Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

 

2022-жылдын 18-январындагы № 10/1

 

2022-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын биринчи маселеси боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевдин 2022-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитүү жөнүндө берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджеттин кирешелер бөлүгү 13 317 200 ( он үч миллион үч жүз он жети миң эки жүз) сомго, чыгашалар бөлүгү 13 317 200 ( он үч миллион үч жүз он жети миң эки жүз) сомго бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.

 

 

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы

Г.Т.Эрматова