КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 18-январындагы № 10/2
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылындагы Терек дарыясынын боюндагы сайга “Балык чарба” куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылынын тургуну Кутубай уулу Искендерге Терек дарыясынын боюна “Балык чарба” куруу үчүн 40 сотых жер сурап кайрылган билдирүүсү менен таанышып чыгып жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылын кесип өткөн Терек дарыясынын боюндагы айыл чарбасына жараксыз суу фондусунун жеринен “Балык чарба “салууга 40 сотых жер бөлүп берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Кызыл-Жар айылдык Кеңештеги агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |