Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/59
Элдик байкоочу болуу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылында ЖЧК “Кочмон Сити” курулуш компаниясы тарабынан курулуп жаткан кичи микрорайон боюнча маалымат билип турууга элдин атынан байкоочу болуу жөнүндө Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты Ш.Б. Мураталиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылында ЖЧК “Кочмон Сити” курулуш компаниясы тарабынан курулуп жаткан кичи микрорайон боюнча маалымат билип турууга элдин атынан байкоочу болуп төмөнкү депутаттар бекитилсин:
- Кожонов Дамир Белекович;
- Боронбаев Улан Керимбаевич;
- Мураталиев Шумкар Болотбекович;
2. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |