Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

 

2022-жылдын 18-январындагы № 10/4

 

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыттар жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги 10 сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында токтом кылат

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.

2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары белгиленсин:

- 2022-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:

- Ийри мүйүздүү мал- бир баш үчүн 50 ,00 сом;

- Кой-эчкилер- бир баш үчүн 10,00 сом;

- Жылкылар- бир баш үчүн 50,00 сом ;

- Кирешелер жана чыгашалар ( 1тиркеме) .

3. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюдеттке багыттоо милдети жүктөлсүн.

1. Жайыт пайдаланучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу, өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктурасынынын тиешелүү обьектилери өткөрүлүп берилсин.

2. Кызыл-Жар айыл аймагынын жайыт аянты жана Кара-Кулжа Алайку токой чарбасынын жайыт аянтынын жайыт акысы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абдилазиз уулуна жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы

Г.Т.Эрматова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бекитемин

Кызыл-Жар айылдык жайыт

пайдалануучулардын төрагасы:

Аскарали уулу Соорон

 

 

 

 Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин 2022-жылдагы 10 сессиясында бекитилген бюджети

 

Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2022-жылга бюджети

 

№

Чыгымдардын аталышы

Адам саны

Айы

Баасы

Суммасы

1

Төраганын эмгек акысы

1

10

5800

58000

2

Бухгалтердин эмгек акысы

1

10

3000

30000

3

Жайыт үчүн инспекторлор

4

8

1000

32000

4

Командировка чыгымдары таранспорт

 

 

 

35500

5

Конц товар

 

 

 

10000

6

Ишканаларды камсыздандыруу төлөмдөрү 17,25%

 

 

 

20700

7

Кичи долбоорлор 3,75%

 

 

 

27110

8

Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу

 

 

 

256310

9

Жайыт салыгы под налог

 

 

 

43000

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баардыгы

 

 

 

285970

 

1га жер салыгы үчүн 81996* 5,30т.

 

 

 

 

 

 

Салыктарды эске алып түзүлгөн бюджет.

 

№

Малдын түрү

Саны

Шарттуу малдын башы

Жайыт билет акысы

Сумма

1

Кой эчки

9306

9306

1000

93060

2

Уй топоз

1720

1720

5000

86000

3

Жылкы

1545

1545

5000

77250

4

Баардыгы

 

 

 

256310

 

 

Жылкы жайыт           81996 га

Алыскы жайыт          78331 га

Жакынкы жайыт       3665 га

Лесхоз фон жер        9786 га