Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/61
Комиссия түзүү жөнүндө
ЖЧК “Кочмон Сити” жана Кунтуу айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын 14-октябрындагы кичи микрорайон салуу боюнча түзүлгөн келишимге кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча комиссия түзүп берүүгө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин кайрылуусун угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК “Кочмон Сити” жана Кунтуу айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын 14-октябрындагы кичи микрорайон салуу боюнча түзүлгөн келишимге кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
- Тобоев М.А.- Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасы;
- Максутова А.К.- айылдык кеңешинин депутаты;
- Акматалиев А.- Күнтуу айылынын тургуну, активист;
- Кутманалиева Г.Р.- айылдык кеңешинин депутаты;
- Токтогонова Ж.Т.- айылдык кеңешинин депутаты;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде иш алып барсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |