Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясынын

2024-жылдын 16-апрели № 15

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык маселелер боюнча иш планын бекитүү жөнүндө

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун “Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча иш планын бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп чыгып Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык

Айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча 2024-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнө иш планындагы социалдык маселелер боюнча чараларды өз убагында аткаруу сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Саркулов Б.К.